Бишкекте Лев Толстой көчөсү оңдоо иштерине жабылат

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы Лев Толстой көчөсүн капиталдык оңдоо иштерин 10-июнга чейин баштоону пландоодо. Лев Толстой көчөсүндөгү Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки жолду 2024-жылга титулдук тизме боюнча капиталдык оңдоону баштоо пландалууда.

17 980 чарчы метр аянтта эски асфальттын сыйруу жана демонтаж иштери башталат, андан кийин асфальтка чейинки жумуштары жана люктарды тегиздеп орнотуу иштери жүргүзүлөт. Акыркы этап асфальт-бетон аралашмасын төшөө болот.

Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолду жарым-жартылай жабуу пландалууда. Бул көчөдө акыркы жолу 2019-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Кызмат мөөнөтү өтүп, жолдун үстү тегиз болбой калган. Жайында абанын температурасы 28°Сден жогору болгондо асфальт төшөлгөн жер жумшарып, автоунаалардын жана оор жүк ташуучу унаалардын көп агымынын натыйжасында асфальт төшөлгөн жерде толкундар пайда болот.
2023-жылы кеч күздө транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана кыймылдын ылдамдыгын жогорулатуу максатында жолдун үстү (асфальт) узунунан жылып, толкундар пайда болгон жерлери тегизделген.