Бишкекте Lexus айдап жүргөн өспүрүмдүн атасы: «Мен уктап жатсам айдап кетиптир»

Кечээ, 9-мартта өспүрүмдүн Lexus LX 570 унаасын айдап бара жаткан видеосу тараган. Маалыматка караганда, видео 8-март күнү Манас жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган. 

Милициянын кайгуул кызматы унаанын ээси табылып, ага 15 миң сом айып салынганын билдиришти. Ал эми өспүрүмдүн атасы уктап жатканда, уулу сурабай айдап кетип калганын айтып, кечирим сурады.