Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон аныкталды

16-17-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө медициналык иш-аракеттерди (косметологиялык процедуралар) жүргүзгөн сулуулук салондоруна/кеңселерге текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон/кеңсе аныкталып, 84 миң сом айып пул салынган.

«Аталган косметология мекемелери лицензиясы жок иштеп, тиешелүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз иш-аракеттерди, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн»,- дешти.