Бишкекте лифтте камалып калган пенсионер көз жумду

Бишкекте лифтте камалып калган пенсионер көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Бишкек лифт» ишканасы тастыктады.

Маалыматка караганда, лифт жарык өчкөн маалда токтоп калган. “Адистер 10 мүнөттүн ичинде келип, лифттеги адамды алып чыгышты. Ал эс-учунда болгону менен өзүн жаман сезип жаткан. Адистер дароо эле Тез жардамды, кошуналары менен туугандарын чакырган. Туугандары келген учурда жабырлануучу тирүү болчу. Тез жардам бир сааттан кийин келип, анын каза болгонун аныкташты. Маркумдун туугандары анын жүрөк оорусу бар экенин жана улгайган адам экенин эске алып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Ошондой эле туугандары ишканага дооматы жок экенин билдирди»,- деп айтылат маалыматта.