Бишкекте люктан улам аз жерден кырсык болуп кете жаздаган видео тарады

Бишкекте Медеров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги люктан улам аз жерден кырсык болуп кете жаздаган видео тарады.

Маалыматка караганда, айдоочу люкту байкабай калган. Мунун айынан унаа аз жерден каршы тилкеге чыгып кете жаздаган.