Бишкекте маршруттук такси сүзүп кеткен 11 жаштагы кыздын абалы кандай? Мэриядан кабар алышты

17-февралда Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө маршруттук такси окуучу кызды сүзүп кеткен. 1993-жылы туулган айдоочу Дэн Сяопин көчөсү менен бара жатып, Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2011-жылы туулган кызды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен окуучу №3 шаардык ооруканага жеткирилген.

Бишкек мэриясы маалымат таратып, окуучу кызга Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери барып келгенин билдиришти. Маалыматка караганда, бардык чыгымды айдоочу мойнуна алып, төлөп жатат. «Учурда кыздын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, бардык керектүү медициналык процедуралар талаптагыдай жүргүзүлдү. Бейтап ооруканадан чыгууга даярдык көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.