Бишкекте маршруттук таксилердин катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 18 кишиге жетти

Бишкекте маршруттук таксилердин катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 18 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Анын ичинен 17 адам шаардагы 4-ооруканага, 1 киши Улуттук госпиталга жеткирилди. 11 бейтап биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Эки жабырлануучунун абалы оор, алар сынык жаракаттары менен 4-оорукананын реанимация бөлүмүнө, дагы төрт жабырлануучу ар кандай жаракаттары менен хирургия жана нейротравма бөлүмдөрүнө жаткырылды. Бир жабырлануучунун абалы канааттандырарлык, ал Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндө дарыланууда.

Бүгүн, 26-январда саат 12:30 чамасында Элебесов жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки маршруттук такси сүзүшүп, жол кырсыгынан дагы бир жеңил унаа жабыркаганы маалым болгон. Буга чейин Тез жардам кызматынан 14 киши жабыркаганы айтылган.