Бишкекте медиктердин резервдик бригадасы түзүлүп жатат

Бишкекте медиктердин резервдик бригадасы түзүлүп жатат. Бул тууралуу Твиттердеги баракчасына Бишкек шаардык Тез жардам борборунун директорунун орун басары жазып чыкты. 

Анын айтымында, кырдаал курч, бирок дарыгерлер жетишип жатышат. Линияда 38-40 бригада жана 8 диспетчер бар. «Ооруканаларда орун аз, бирок бар», — деп жазган Егор Борисов.