Бишкекте митингдерге каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 14 мартта Бишкектин борбордук аянтында митингдерге каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган митингге болжол менен элүүдөй адам чогулган. Алар «Бейөкмөт уюмдар жабылсын!» жана «Чет мамлекеттен каржыланган ал уюмдардын митингдерине тыюу салынсын!» деп талап кылышууда.