Бишкекте мурдагы жубайын өлтүргөн шектүүнүн окуясы боюнча видео жарыяланды

Шаардык милициянын башчысы Азамат Токтоналиев жаңы эле ажырашкан аялын атып өлтүргөн кечээки окуя боюнча айтып берди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга буга чейин эч кандай кайрылуу түшкөн эмес. Ал быйыл Балыкчыда жубайлардын кызганычтан улам чырдаша кеткен бир окуясын айткан. “Кечээ соттук отурум болуп, алар расмий ажырашкан. Аялдын туулган күнү болгондуктан, шектүү аны куттуктагысы келген. Соттон кийин жолугуп, орток пикирге келүүнү каалашкан. Ал торт, гүл сатып алган. Камераларда экөөнүн унаа менен чогуу келип, үйгө киргени көрүнүп турат”, — деди Токтоналиев. Бишкек шаардык милициясы экөөнүн бир унаадан түшүп, үйгө кирип бара жаткандагы видеосу менен бөлүштү.

Шаардык милициянын жетекчиси шектүү мас болгонун билдирди.