Бишкекте муздак сууга тарифти көтөрүүнү шаардык кеңеш колдоду

Бишкек шаардык кеңеши муздак сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырды.

Жогорулатылган тариф (1 метр куб үчүн, салыксыз):

Калкка — 10,45 сом;

бюджеттик уюмдарга — 12,95 сом;

Башка керектөөчүлөргө – 18,5 сом.

Канализация (1 метр куб үчүн, салыксыз):

Калкка — 3,45 сом;

бюджеттик уюмдарга — 4,5 сом;

Башка керектөөчүлөргө – 9 сом.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы ичүүчү сууга жана саркынды сууларга тарифти көтөрүү боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыгып, шаардык кеңештин кароосуна киргизген.