Бишкекте окуучулар милдеттүү түрдө бет кап тагынат

Бишкекте окуучулар милдеттүү түрдө бет кап тагынат. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында вице-мэр Виктория Мозгочева билдирди.

Анын айтымында, ар бир мектепте килемче болот жана алар дезинфекциялоочу каражаттарга чыланат. «Имарат дайыма дезинфекцияланып, желдетилип турат. Класстарда дезинфекциялоочу каражаттар болот», — деди ал. 

Виктория Мозгачева окуучулар үчүн бет кап тагынуу милдеттүү түрдө болорун белгиледи. «Бизде мектептерде окуучулар көп, ошондуктан социалдык аралыкты камсыздай албайбыз, бул министрлер кабинетине жөнөтүлдү», — деп кошумчалады ал.