Миңге жакын вакцина жарактан чыгышы мүмкүн. Бишкектеги ооруканада муздаткыч өчүп калган

Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчүп калган. Эми анын ичиндеги 930 доза вакцина жараксыз болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, муздаткыч эмес, муздаткыч сайылган розетка жарактан чыгып калган.

«Окуя апрель айынын орто ченинде болгон. Учурда биз өндүрүүчүлөр менен байланышып жатабыз.  Аталган дозанын бардыгы жабыркаган эмес. Бул маселени вакцина өндүрүүчүлөр менен байланышып чечебиз, колдонуу жоболорун сурайбыз. Ошондо эле биз жерине барып, вакциналарды кампадагы башка муздаткычка салганбыз. Эч кимге бул вакцина сайылган эмес. Себеби биз ал вакциналарды тизмеден чыгарганбыз. Иштебеген муздаткычта калган вакциналар биринчи баскычтыккы болчу. Бул боюнча комиссия дагы түзүлдү», — деди ал.