18-октябрда саат 21:30 чамасында Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаа «Lexus RX 330» унаасын сүзгөн. «Toyota Camry» унаасы тротуарга чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчүлөрдүн бири, 2012-жылы туулган жаран окуя болгон жерде каза болгон.
Шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалып, айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап чыкканы маалым болгон. Журналист Семетей Аманбеков жол кырсыкта каза болгон 13 жаштагы баланын апасынан маек алган. Маек учурунда апасы ишти жаап коюшат деген кооптонуусу бар экенин айткан. Бул боюнча милиция маалымат берип, бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун, ал мыйзам чегинде объективдүү, толук жана калыс иликтене турганын убада кылышты.
«Бул фактты жаап-жашыруу аракети болушу мүмкүн эмес — иликтөө жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат жана бардык процессуалдык аракеттер мыйзамдын чегинде жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү кармалып, соттун чечими менен 14-убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.











