Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран. Милиция сүйлөшүү жүргүзүп жатат

Бүгүн, 27-октябрда саат 12:39 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына жигиттин Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өз боюн таштайм деп коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Ал жерге Октябрь РИИБдин жетекчилиги жана шаардык милициянын кызматкерлери барып, керектүү иштерди жүргүзүп жатат. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.