Бишкекте өзүнө өрт койгон жаран денесинен 30 пайыз күйүк алган

Бүгүн, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүнө өрт койгонАл клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучунун денеси болжол менен 30 пайыз күйгөн. «Экинчи же үчүнчү даражадагы күйүк алган. Колдорундагы күйүк — төртүнчү даражада. Ал өзүнө бензин чачкан. Себептери белгисиз”, — деди Борисов.