Бишкекте өзүнө өрт койгон киши көз жумду

28-февралда саат 16:00 чамасында Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүнө өрт койгонАл клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган. 

Жаран ооруканада көз жумганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыктык сактоо министрлигинен билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Шаардык ооруканадан жаран тууралуу кыскача маалымат беришип, анын селсаяк болгонун жана өзүнө өрт койгон учурда кандайдыр бир зат колдонгон болушу мүмкүн экенин айтышкан. Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов жабырлануучунун денеси болжол менен 30 пайыз күйгөнүн айткан. Ал эми Сверлов РИИБ окуя боюнча териштирүү иштерин баштаганын билдирген.