Бишкекте саат 23:00дөн кийинки чектөөлөр алынды

Бишкекте коомдук тамактануучу жана башка жайлардын иштөөсүнө коюлган чектөөлөр алып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-июнда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов рестораторлор менен жолуккан. «Бактыбек Кудайбергенов шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясына мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө сунуш киргизди», — деп айтылат маалыматта. Жыйынтыгында, комиссия чектөөнү алып салган. Бирок ар бир тамактануучу жайдын ээлери санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жана белгиленген алгоритмдердин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик алат.

«Эми көңүл ачуучу мекемелерге саат 23:00дөн 7:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Коомдук тамактануу жайларынын, ресторандардын, кафелердин, барлардын жана башка уюмдардын жетекчилери санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жана белгиленген алгоритмдердин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Аралыкты сактоо, кызматкерлердин бет кап тагынуусу жана имаратка көп адам чогултпоо эрежесин сактоо керек», — деп айтылат маалыматта. 

16-июнда комиссия Бишкекте жайгашкан көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клубдар, кафе-ресторандар, караоке, барлар, коомдук тамактануу жайлар) иштөө убактысын бүгүнкү күндөн тарта саат 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө чечимин кабыл алган. Бирок Бишкектеги түнкү көңүл ачуучу жайлардын ээлери дагы миң адам жумушсуз каларын айтып, Бишкек мэриясы менен Саламаттыкты сактоо министрлиги киргизген чектөөлөргө каршы петиция жарыялашкан.