Борбор калаанын Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайларынан шаурма жеген 21 киши ууланып, анын 15и Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан маалымдашты.
Ооруканага жаткандардын экөө бала. Калган алтоо амбулатордук дарыланууда. Кардарлар ууланган тез татым жайларын иштеткендерге 72 миң сом айып салынып, кемчиликтери жоюлганга чейин жабылды.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жогорудагы массалык уулануу боюнча чукул жыйын өткөрдү.