Гватемалада кыз өзүнүн жаназасы учурунда эсине келди
Гватемалада 15 жаштагы Юлейди Ишкотояк күтүүсүздөн өзүнүн акыркы сапарга узатуу аземинде эсине келген. Аны табытка салгандан болжол менен сегиз саат өткөндөн кийин кыз кыймылдай баштаган. Кыздын кыймылын айнектелген кичинекей терезеден апасы байкаган. Бул тууралуу Need To Know басылмасы жазды.
Эс-учун жоготконго чейин Юлейди жүрөк тушунан катуу ооруп, көкүрөгүндө оордук пайда болгонун айткан. Атасы аны ооруканага алып барууга аракет кылган, бирок жолдо кыздын дем алуусун жана тамыр согушун сезе албай калган. Кызы каза болду деп ойлогон атасы табыт сатып алып, аны үйүнө алып келген.
Туугандары, кошуналары жана жергиликтүү чиркөөнүн жамааты чогулган акыркы сапарга узатуу аземинде апасы кыздын көзүн ачып, кыймылдай баштаганын байкаган. Чогулгандар табытты ачып, Юлейдинин сыртка чыгышына жардам беришкен.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, кыздын эс-учун жоготпогону аныкталып, ал суу сураган.