Кечээ, 24-апрелде социалдык тармактарда суу ташыган оор жүк ташуучу унаа менен скутер катышкан жол кырсыктын видеосу тараган.
Кырсык боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришип, скутердин айдоочусу окуя болгон жерде каза болгонун билдиришти.
«23-апрелде саат 22:30 чамасында суу ташыган оор жүк ташуучу унаа Садырбаев көчөсү менен түндүк багытка бара жатканда скутердин айдоочусу катуу ылдамдыкта унаанын артына кирип кеткен. Кесепетинен скутердин айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган. Маркумдун аты-жөнү такталууда», — деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram