Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштады (сүрөт)

Борбор калаада таштанды иргей турган пункт иштей баштады. Пилоттук долбоордун алкагында иргөөчү жай Биринчи Май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган. Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган. Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды. Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган», — деп айтылат маалыматта.