Бишкекте таштандыга ташталган ымыркайдын абалы оор болгон

8-ноябрда таштанды челектен табылган жаңы төрөлгөн ымыркай Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Анын салмагы 2 килограмм 210 граммды түзгөн. «Абалы оор болгон», — дешти дарыгерлер. Ал реанимацияга жаткырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө баланын абалы туруктуу, жакшыруу бар, жасалма сүт менен тамактанууда, дарыланып жатат. Байкоо уланууда.

Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылганСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден маалымат беришип,  8-ноябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына саат 23:30 чамасында чалуу түшкөнүн, Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекте ымыркай жаткандыгы айтылганын билдиришкен.