Бишкекте УКМКнын эки райондук бөлүмү ачылды (сүрөт)

УКМКнын Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты. УКМКнын жаңы имараты Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрү үчүн курулуп, анда аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштеши үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар орнотулган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги тарабынан мындан ары дагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракети көрүлөрүн белгиледи. Аны менен катар улуттук коопсуздук органдары мындан ары да өлкө кызыкчылыгы үчүн жан дили менен жана мекенди сүйүү менен кызмат кылып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады.

Ошондой эле УКМК жетекчилиги тарабынан коопсуздук кызматкерлерине, мекенге кызмат кылууда өз ишине так болуп, коопсуздукту камсыз кылууда болгон күч аракетин жумшоо талабы коюлду.