Бишкекте жүк ташуучу унаа сүзгөн кыз көз жумган. Кырсык 28-июнда саат 20:20 чамасында болгон.
Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда айдоочу КамАЗ үлгүсүндөгү унаасы менен Чубак ажы көчөсүнөн Заирбек баатыр көчөсүнө бурулуп жаткан учурда жөө өтмөктө велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2017-жылы туулган кыз окуя болгон жерде каза болгон.
1984-жылы туулган айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет. Тергөө иштери улантылууда.