Жүк ташуучу унаа сүзгөн кыз көз жумду. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
28-июнда болжол менен саат 20:20да Ак-Ордо конушунда 1984-жылы туулган жаран КамАЗ унаасы менен «зебрадан» өтүп бара жаткан велосипедчен кызды сүзүп кеткен.
Кесепетинен 2017-жылы туулган кыз окуя болгон жерде каза болгон. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Экспертизалар дайындалган. Тергөө уланууда.