Бишкекте ыктыярчылар иттерди атууга каршы митингге чыгышты

Бишкекте ыктыярчылар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына иттердин атылышына каршы митингге чыгышты. Акциянын катышуучусу Айгүл Алымкулованын айтымында, мамлекеттик органдар жаныбарларга адамкерчиликсиз мамиле кылып жатышат.

«Ыктыярчылар жаныбарларды атуудан сактап, дарылап жатышат. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери балдардын көзүнчө иттерди атып жатышат, аны көргөн кичине балдар көчөгө чыгуудан коркушат.  Милицияга арыз жазып жатабыз, бирок жыйынтык жок. Биз жаныбарларды стерилизациялоо жана гумандуу мамиле үчүн. Мамлекеттик ветеринардык инспекция бодо мал менен гана алектенет, үй комитеттери келемиштерге эмес, иттерге мышьяк таратат. Үй жаныбарлары ууланган учурлары бар», — деди ал.

Ыктыярчылар митингди элчиликтин алдына өткөрүп жатканын туризм өнүккөн Түркияда жаныбарларга адамгерчиликтүү мамиле жасалганы менен түшүндүрүштү.