Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү буйрукка кол койду.