Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
0
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча коллегиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга мэрдин орун басарлары, энергетика министринин орун басары, ӨКМ өкүлү, район акимдери, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты. Коллегиянын алкагында катышуучулар ишкананын аймагын кыдырып чыгып, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштер менен таанышты. Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөн «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкек ЖЭБ» жана «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.

Мэр Айбек Жунушалиев бул аралыкта шаар экинчи жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгиледи. «Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ЖЭБи өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн көрсөтүүдө. 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгилинде электр энергиясын өндүрүү пландалган көрсөткүчтөрдөн жана өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору болду», — деди мэр. Мындан тышкары, шаар башчысы 2025-жылы комплекстүү даярдык жана экологиялык саясаттын алкагында мурда иштебей турган түтүн газдарын тазалоо системасы ишке киргизилгенин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле өндүрүш калдыктарын башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилип, бул чыгымдарды азайтууга жана ишкананын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

2025-жылы маанилүү окуялардын бири катары «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын №3 насостук станциясынын пайдаланууга берилгендиги белгиленди. Бул объект 1985-жылдан бери пландалып келген жана долбоор ишкананын өз каражатынын эсебинен ишке ашырылды. Мындан тышкары, «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Дүйнөлүк банктын жылуулук менен камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорун ийгиликтүү аяктады: жылуулук пункттары модернизацияланып, тармактар реконструкцияланды, заманбап эсептегич шаймандар орнотулуп, атайын техника сатып алынды.

Экологиялык абалды жакшыртуу максатында 2025-жылы «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы беш от казанына жылуулук насосторун орнотуп, натыйжада көмүр жагуу болжол менен 385 тоннага кыскартылды.

Коллегиянын жүрүшүндө жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүү, керектүү күйүүчү май запастарын топтоо жана жылуулук менен энергияны үнөмдөө чараларын киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле белгиленгендей, мурда күл сактоочу жайды тазалоого болжол менен 30 млн сом сарпталса, азыр Бишкек ЖЭБи кургак күлдү (салык менен кошо) тоннасына 2815 сомдон сатууда.

Шаар башчысы ысык сууну эрте өчүрүү чечими экинчи жыл катары менен кабыл алынып жатканын жана бул өткөн жылдагы тажрыйбанын натыйжалуулугу менен байланыштуу экенин белгиледи. «Эрте өчүрүү резервуарларга керектүү көлөмдө сууну алдын ала топтоого жана муздак суу системасына болгон жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк берет», — деди калаа башчысы. Мындан тышкары, жылуулук тармактарынын эскилиги жеткендигине байланыштуу гидравликалык сыноолорду өткөрүү зарыл. Бул текшерүүлөрдө көптөгөн бузулуулар аныкталып, оңдоо мөөнөттөрү 30 күндөн 40 күнгө чейин узарып кетүүдө. Ошондуктан иштерди эртерээк баштоо маанилүү. Жай мезгилинде кондиционерлер жана суу жылыткычтар көп колдонулгандыктан, энергосистемага болгон жүк да өсөрү эске алынат.

Мэр Айбек Жунушалиев шаар тургундарын ресурстар менен туруктуу камсыз кылуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. «Таза сууну да, электр энергиясын да үнөмдүү пайдалануу зарыл», — деп баса белгиледи мэр. Коллегиянын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу, жоготууларды кыскартуу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
1

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:40 15.04.2026
0

Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча директорго катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 15.04.2026
0

Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:32 15.04.2026
0

13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:52 14.04.2026
0

1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү