Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылат, айрым кесилиштер жабылат

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда. Бүгүн, 6-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылат.
Ал эми Сүйөркулов көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бордюр орнотуу асфальттын биринчи катмарын төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат. Ага ылайык, 6-сентябрга караган түнү 00:00дөн 09:00гө чейин Юнусалиев көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жабылат. Андан тышкары, 8-сентябрда Юнусалиев көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши жабылат. 9-сентябрь күнү саат 09:00дө ачылат. Ошондой эле, 9-сентябрда саат 05:00дө Юнусалиев көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жабылат. 10-сентябрь саат 05:00дө ачылат.
Юнусалиев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштарын 15-октябрда аяктоо мерчемделген. Подрядчы компания шаардыктардын ыңгайы үчүн, белгиленген графиктен эрте аяктоо максатында тездетилген темпте иш алып барууда.