Бүгүнкү күндө Бишкекте коронавируска каршы 15 миң 365 адам эмдөөдөн өткөнүн медициналык жардам жана электрондук саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифинг учурунда билдирди.
Алардан:
- 2104 — дарыгерлер
- 531 — мектеп мугалимдери
- 666 — мамлекеттик кызматкерлер
- 4655 — 65 жаштан жогору адамдар
- 247 — укук коргоо органдарынын кызматкерлери
- 7003 – жарандар
15365 адамдын ичинен 1804 вакцинанын экинчи дозасын алышкан.