Бишкектеги №1 гимназия-интернатынын эки кабаттуу имарат бошотулду

Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисиндеги №1 гимназия-интернатынын аймагындагы өз билемдик менен басып алынган муниципалдык эки кабаттуу имарат бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Турак жай эмес жай (теплица) гимназиянын мурдагы жетекчилиги тарабынан турак жай катары пайдаланылган. Бишкек мэриясы имаратты бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талаптарды бир нече жолу берген, буга жогоруда көрсөтүлгөн адамдар көңүл бурбай койгон. Буга чейин 2022-жылдын сентябрь айында Бишкек мэриясы жогоруда аталган имаратка жер тилкеси менен кошо бардык керектүү документтерди тариздеген. Жеринде Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жана Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери иштешти. Ошондой эле аталган жайдын айланасына тургузулган тосмолор да демонтаждалды», — дешти.

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте №1 мектеп-интернаттын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышкан.