Бишкектеги №61 мектептин директорунун кармалышы боюнча билим берүү министри үн катты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев борбор калаадагы №61 мектептин директору Юрий Низовскийдин айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

Министр мектеп жетекчисинин кармалганын интернеттен билгенин айтты. «Бул иш-чара УКМК тарабынан жүргүзүлдү. Мен башкалар сыяктуу эле бул тууралуу интернеттен билдим. Ооба, мындай көйгөй бар (мектептердеги коррупция). Аны комплекстүү чечүүнүн бир жолу – сынак өткөрүү. Бир адамдын узак убакыт кызматта отурушу коррупциялык тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн. Ошондуктан, кадрдык жаңылануу үчүн биз беш жылда бир директорлук кызматка сынак сыяктуу механизмди киргизип жатабыз», — деди ал.