Бишкектеги №62 мектептин да окуучулары жана мугалимдери эвакуацияланды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бишкектеги №62 мектептин да окуучулары жана мугалимдери эвакуацияланганын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим №67 мектепте мина бар экендиги тууралуу маалымат №62 мектептин электрондук почтасынын дарегине келип түшкөндүктөн кабыл алынган. Азыр эвакуациялоо процедурасы аяктады, имаратта керектүү чаралар көрүлүүдө.