Бишкектеги 4-оорукананын алдында ак халатчандардын митинги өтүп жатат

Бүгүн, 3-февралда Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун алдында медкызматкерлердин митинги өтүп жатат. Алар оорукананын кайра түзүлүшүнө каршы болушууда.

Аталган борбордун жетекчисинин орун басары Жаныш Сулаймановдун айтымында, бул борбордо дүйнөдө жасалып жаткан бардык заманбап технологиялар жасалууда. Анын айтымында, 40-50 жылда жасалбаган иштер 18 жылда жасалды. Ал кайра түзүү реформа эмес, артка бир кадам таштоо экенин айтты. Суроолорго жооп берип жатып, директор кызматтан алынса, команда кескин чараларды көрөрүн билдирди. «Кандай чараларды көрөт?» деген тактоочу суроого ал кызматкерлер кеңешип, кандай чара көрүшөрүн жарыя кыларын айтты.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан.