Бишкектеги 6-төрөтканада чарчап калган ымыркайдын жакыны окуя тууралуу айтып берди

Бишкекте 46 жаштагы Чынара Мойдунованын жаңы төрөлгөн ымыркайы Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө чарчап калган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын кызы билдирди.

Окуя 20-январда болгон. Аял 7 айлык боюнда бар кезинде үй-бүлөсү менен Орусиядан Кыргызстанга келген. Алар төрөткана издеп, биринчи №2 төрөтканага барганда кабыл албай коюшкан. Андан соң №6 төрөтканага барышкан. Ал жакта анын Орусиянын жараны экенин айтып, 200 доллар сурашканына макул болуп, пландык анализ тапшырышканын билдиришти. «Туура бир апта мурда пландык текшерүү болот деп чакырышып, апам эмнеси болсо да деп, төрөткө дайындалган буюмдарын ала барды. Саат 17:30дарда кесарево кылабыз, болуп калыптыр дешип, операцияга алып киришти. Апам 2 жолу омурткага ийне сайганын, бирок анысы жардам бербегенин айтты. Оорутуп жатканын айтса, жалпы наркоз менен операция кылышты. Бала ыйлап, кадимкидей эле төрөлдү. Саат 23:30дар чамасында апам СМС жазып, көзүмдү ачтым деди. Бизге «бул жерде турганда эмне, кете бергиле» дешти. Атам азан чакырып, ат берди, баланы алып кетишти. Апам реанимацияда калды. Түнкү 1де баланы алып келип, апамдын керебетинин жанына жаткырыптыр. Памперс, жалаяк, анан конвертик менен жатыптыр бала. Ошол түндөн эртеси күнү саат 08:30 чамасына чейин эч ким кирип, баланы карап койбоптур. Апам же керебеттен түшө албайт, эптеп кыймылдап баланын оозуна манжасын салып көргөндө эч кандай реакция кылбаптыр. Бөлмөдө бир эле жылытуучу батарея бар экен. Ишемби күнү эч кандай реакция кылышкан жок. Биз ызылдап баштаганда, жекшемби күнү вакуумга салышты. Ал учурда кеч болуп калган экен», — деди кызы.

Ал ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышканын, окуя боюнча комиссия түзүлгөнүн, учурда комиссия иш алып барып жатканын айтып, акыйкаттык болсо экен деп турганын билдирди. Ал ошондой эле окуядан кийин Саламаттыкты сактоо министринин окуяга кийлигишип, апасынын ден соолугуна кам көрүлө баштаганы үчүн ыраазычылык билдирди.