Кечээ, 15-апрелде 7-класстын окуучусу каза болгон. Милиция сабак учурунда эки окуучу уруша кетип, 2011-жылы туулган окуучу бала 2010-жылы туулган кыздын денесине залал келтиргенин билдирген. Кыз ошол жерде эсин жоготкон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча комментарий алуу үчүн Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы билим берүү департаментине байланыштык.
Алар да сабак учурунда 7-класстын эки окуучусунун ортосунда келишпестик чыгып аягында кайгылуу окуя болгонун билдиришти. «Окуя болгон жерге Тез жардам чакырылып, Бишкек шаарынын мэриясынын, Билим берүү департаментинин, Ленин райондук администрациясынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги да келген. Мыйзамдарга ылайык бардык зарыл чаралар көрүлдү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын алкагында болгон окуяга укуктук баа берилет»,— дешти.
«Кырсык сабак учурунда болсо, класста мугалим болгонбу?» деген сурообузга «Ооба, мугалим болгон. Тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы чыксын, күтө туралы»,- дешти.