Бишкектеги «Азаттык» редакциясынын алдында митинг өтүп жатат

Бишкектеги «Азаттык» редакциясынын алдында митинг өтүп жатат. Анын катышуучулары аталган редакция менен кошо «Kloop» жана «Кактус» сайттарынын жабылышын талап кылышууда.

Азырынча жогорудагы ЖМКлар митинг боюнча үн катыша элек.

Кечээ, 12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматованын «Азаттык», «Kloop» жана «Кактусту» жабууну талап кылган кайрылууга кол койдуруп жүргөнүн билдирген болчу. Кийин Нарматова бул маалыматты жокко чыгарган, бирок Бекешев кесиптеши кабинетине келип урушуп кеткенин жана башка депутаттар күбө болуша аларын айткан.