Бишкектеги бала бакчада эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылды

Бишкектеги бала бакчада күйүп калган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-январда саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына бишкектеги 11-кичи районундагы бала бакчада эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция маркумдун 1971-жылы туулгандыгын аныктаган. Ал бала бакчада күзөтчү болуп иштеген. Денесинде криминалдык тактар байкалган эмес.