Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан KICB банкынын имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер 1 дрону менен тартылды.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 70 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок жана өрттүн себептери такталууда.