Бишкектеги батирден 86 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден 86 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин районуна караштуу Табышалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринде жашаган ээси байланышка чыкпай жана батирдин тышкы эшиги ачылбай жаткандыгын айтып, «112» кызматына кабарлашкан. «Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, бекилип калган эшикти ачкан учурда, батирдин ичинен 86 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. ӨКМдин куткаруучулары тарабынан маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилип, ишти иликтөө аталган кызматка өткөрүлүп берилди»,— деп айтылат маалыматта.