Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чогулган кишилерди автобустар менен алып кетишти

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чогулган, сырткы кийиминде элдик кошуун деген жазуу бар жарандарды автобустар менен алып кетишти. Бул тууралуу Репортер жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учурда стадиондо эч ким жок.

Буга чейин аталган жайда көп сандаган кишилердин чогулуп жаткандыгын, аларды кечке чейин тамак-аш менен камсыз кылууну убада кылып жатышканы, өлкөдө массалык башаламандыктар же талап-тоноочулук фактысы байкалганда алдын алуу үчүн чогулганы айтылган эле.