2025–2026-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында, 21-июндан 12-июлга чейин Фрунзе менен Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Оңдоо иштери мөөнөтү 21 күн.
Учурда “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан жылуулук өткөрүүчү негизги түтүктү оңдоп жатат. Оңдолуп жаткан тилке Ч.Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин созулуп, анын жалпы узундугу 500 метрди түзөт.