Бишкектеги жолду капиталдык оңдоо: Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 31-майда Ахунбаев көчөсү Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылат. Токтоналиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ошондой эле 2-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылат. Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот. Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт.