Бишкектеги каттамдан алынган 6 троллейбус Нарын шаарына жеткирилди (сүрөт)

Бишкек шаарындагы каттамдан алынган 6 троллейбус Нарын шаарына жеткирилди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

«Бишкек мэриясы жана Нарын мэриясы ортосундагы кызматташтыктын алкагында алынган троллейбустар Нарын шаардык транспорт ишканасы тарабынан Нарынга жеткирилип, жакынкы күндөрү каттамга чыгаруу аракеттери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.