Бишкектеги кинотеатрлар 1-декабрдан тарта иштеп баштайт

Rows of movie theater seats

Бишкектеги кинотеатрлар, соода борборлорундагы фудкорттор 1-декабрдан тарта иштеп баштайт. Алар март айынан бери жабылуу бойдон турган эле. Бирок кинотеатрдын залындагы орундуктардын жарымы гана ээленген шартта иштөөсү керек болот. Бул тууралуу борбор калаанын башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Супермаркеттер үчүн да иштөө убактысы боюнча чектөө болбойт. Тойканалар жана ресторандарга өзүнчө алгоритм иштелип чыкмай болду. Ошентип, коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөр Бишкекте бир гана мектептерде жана бала бакчаларда калды.