Шейшемби, 21.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Кыргыз элинин турмушунда үйлүү болуу – эң чоң жакшылыктардын бири»

18:10 30.08.2025
0
Садыр Жапаров: «Кыргыз элинин турмушунда үйлүү болуу – эң чоң жакшылыктардын бири»
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Жалал-Абад шаарында курулган турак жай комплексинин ачылышына катышты.

Салтанаттуу аземдин алдында мамлекет башчысы Жеңи-Жок көчөсүндө курулуп жаткан «Асман Резиденс-3» турак жай комплексинин курулушунун аякташы менен таанышты. Тогуз кабаттуу үйдүн курулушу өткөн жылдын март айында башталган. Батирлердин жалпы саны 135ди түзөт. Жертөлө кабатында кампалар жана унаа токтотуучу жай каралган. Имараттын фасады сары таш жана керамограниттен жасалган. Турак жай комплексинин аймагы жашылдандырылып, көрктөндүрүлгөн.

«Асман Резиденс-2» турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде Садыр Жапаров өлкөбүздү өнүктүрүүнү аймактардан баштоо мамлекеттик саясаттын негизги өзөгү болуп саналарын баса белгиледи. Ушул тапта Кыргызстандын жети облусун тегиз өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аймактарды өнүктүрүүдөгү эң натыйжалуу жана таасирдүү багыттардын бири катары жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү турак жай куруу өзгөчө мааниге ээ.

«Кыргыз элинин турмушунда үйлүү болуу – эң чоң жакшылыктардын бири. Ак өргөөлүү болуп жаткан жарандарыбыздын мындай сүйүнүчү Кыргызстандын эгемендигинин 34 жылдыгы менен дал келип жатканы өзгөчө эстен кеткис учур болуп калат», — деди президент.

Турак жай комплекси 5 тогуз кабаттуу блоктон турат жана 450 батирди камтыйт. Аймакта ошондой эле балдар жана воркаут аянтчалары, жер үстүндөгү жана жер астындагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Мамлекет башчысы буга чейин турак жай программасынын алкагында алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарындагы «Асман Резиденс-1» жана Сузак районундагы «Асман Резиденс-5» турак жай комплекстери пайдаланууга берилгенин эске салды. Садыр Жапаров 2023-жылдан тарта мамлекет турак жай саясатынын стратегиясын өзгөртүп, жеткиликтүү турак жай курууга басым жасаганын айтып, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу мындай масштабдагы социалдык курулуш ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Бүгүн өлкө боюнча «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 70 миңден ашык батир курулуп жатат, анын ичинен 13 миңден ашууну Жалал-Абад облусунда.

«Аталган программа аркылуу биз жарандарыбызды үй-жай менен камсыз кылуудан сырткары, бир нече максаттарды ишке ашырып жатабыз. Алардын ичинде мамлекеттин курулуш тармагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу жолго салынды. Жер-жерлерде жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Аймактарыбыздын инфратүзүмдүк өнүгүүсү ыкчамдады. Жаш муундардын өз жеринде калып, иштөөсүнө шарттар түзүлдү», — деп белгиледи мамлекет башчысы. Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров жаңы батир ээлерине үйлөрүндө тынчтык, мол ырыс-кешик жана бакубат турмуш орношун каалады. Андан кийин мамлекет башчысы көп жылдан бери мугалим болуп иштеген Жалал-Абад шаарынын тургуну Мария Жээнбаевага батирдин ачкычын тапшырып, андан соң батирлерди көрүп, жашоочулар менен баарлашты.

 

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 21.04.2026
0

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге...

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:26 21.04.2026
0

Агартуу министрлиги Токмок шаарындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде жашы жете элек кызга байланыштуу болгон окуя боюнча Чүй-Токмок билим берүү...

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:50 20.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге көрүнүктүү казак акыны, драматург, коомдук ишмер, Казакстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн...

«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:56 20.04.2026
0

"Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Берлинге, Германиянын Бундестагына иш сапары менен келип кетти. Ошол жолугушуунун алкагында мен төмөнкү ойду билдиргем"....

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:03 19.04.2026
0

20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү