Бишкектеги көчөлөрдүн айрым бөлүгүн ачуу жана жабуу пландалууда

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.
Ага ылайык, 25-июлда Ж.Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылат. Ошондой эле, 25-июлда Чүй проспектисинин С.Ибраимов көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Ж.Абдрахманов (Байтик баатыр) көчөсү А.Токомбаев проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Ал эми Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Т.Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен реабилитация болот.