Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады

Бишкекте бүгүн, 26-августта кыргыз-түрк достук ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, августтун башында оорукананы бейтаптарды кабыл алууга даярдоо үчүн 30 дарыгер жана техникалык адис Кыргызстанга учуп келишкен. 

«Кыргыз эли бул окуяны көптөн бери күтүп жүргөн. Акыры, кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга даяр. Бул жерде биздин жарандардын чет өлкөгө чыкпай дарылануусуна мүмкүндүк бере турган жогорку технологиялык операциялар жүргүзүлөт. Баштапкы этапта оорукана жүрөк, кан тамыр жана көкүрөк оорулары менен ооругандарды кабыл алат. Бул жерде түрк адистери иштейт, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жергиликтүү дарыгерлерди тандайт», — деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Келишимге ылайык, оорукананы үч жыл бою Кыргызстан менен Түркия биргеликте башкарат. Бул оорукана адистештирилген жана бейтаптарды башка ооруканалардын жолдомосу менен гана кабыл алат.

Ооруканада 72 орун бар, алардын 21и жандандыруу бөлүмүндө. Ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар. Оорукананын медициналык кызматтарынын тизмеси жана баасы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттик тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген. Чет өлкөдөн келген жарандар өзүнчө прейскуранттагы акы төлөнүүчү медициналык кызматтардан пайдалана алышат.

Түркиянын грантынын эсебинен курулган клиниканын курулушу 2016-жылдын июнь айында башталып, 2017-жылдын ноябрында аяктаган.