Бишкектеги «Манас» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга мүмкүн. Тизме

«Манас» эл аралык аэропортунан 2023-жылдын биринчи айларында бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына учууга болот. Багыттар, жүргүнчүлөрдү ташып жаткан авиакомпаниялар жана каттамдардын жыштыгы көрсөтүлгөн тизмени сунуштайбыз.

ОРУСИЯ

«Avia Traffic Company» авиакомпаниясы:

Бишкек-Иркутск-Бишкек — жумасына бир жолу (бейшемби);

Бишкек-Казань-Бишкек — жумасына бир жолу (дүйшөмбү);

Бишкек-Красноярск-Бишкек — жумасына бир жолу (шейшемби);

Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек — жумасына 2 жолу (бейшемби, ишемби);

Бишкек-Москва-Бишкек — жумасына 12 каттам (күн сайын);

Бишкек-Новосибирск-Бишкек — жумасына 2 жолу (шейшемби жана жекшемби).

«Сибирь» авиакомпаниясы:

Новосибирск-Бишкек-Новосибирск — жумасына 7 каттам (күн сайын);

Иркутск-Бишкек-Иркутск — жумасына 2 жолу (шаршемби, бейшемби).

«Уральские авиалинии» авиакомпаниясы:

Москва-Бишкек-Москва — жумасына 12 каттам (күн сайын);

Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург — жумасына 7 жолу (күн сайын);

Красноярск-Бишкек-Красноярск — жумасына 1 жолу (жекшемби);

Самара-Бишкек-Самара — жумасына бир жолу (шейшемби);

Санкт-Петербург — Бишкек — Санкт-Петербург — жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби);

Сочи-Бишкек-Сочи — жумасына бир жолу (бейшемби).

«Аэрофлот» авиакомпаниясы:

Москва-Бишкек-Москва — жумасына 14 жолу (күнүгө).

«Северный ветер» авиакомпаниясы:

Казань-Бишкек-Казань — жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби);

Тюмень-Бишкек-Тюмень — жумасына 1 жолу (ишемби).

«Utair» авиакомпаниясы:

Сургут-Бишкек-Сургут — жумасына 1 жолу (жекшемби).

КЫТАЙ

«China Southern Airlines» авиакомпаниясы:

Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү — жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби);

Сиань-Бишкек-Сиань — жумасына 1 жолу (жекшемби).

ИНДИЯ

«Aero Nomad Airlines» авиакомпаниясы:

Бишкек-Дели-Бишкек — жумасына 2 жолу (бейшемби, жекшемби);

ПАКИСТАН

«Aero Nomad Airlines» авиакомпаниясы:

Бишкек-Исламабад-Бишкек — жумасына 1 жолу (ишемби);

Бишкек-Лахор-Бишкек — жумасына 1 жолу (шейшемби).

БАЭ

«Fly Dubai Airlines» авиакомпаниясы:

Дубай-Бишкек-Дубай — жумасына 7 каттам (күн сайын).

«Air Arabia» авиакомпаниясы:

Шаржа-Бишкек-Шаржа — жумасына 4 жолу (дүйшөмбү, бейшемби, жума, жекшемби).

ИРАН:

«Varesh Airlines» авиакомпаниясы:

Мешхед-Бишкек-Мешхед — жумасына 1 жолу (бейшемби);

КУВЕЙТ

«Jazeera Airways» авиакомпаниясы:

Кувейт-Бишкек-Кувейт — жумасына 4 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума).

ТҮРКИЯ

«Pegasus Airlines» авиакомпаниясы:

Анталия-Бишкек-Анталия — жумасына 4 жолу (дүйшөмбү, шаршемби, жума, жекшемби);

Стамбул-Бишкек-Стамбул — күн сайын (жумасына 14 каттам).

«Turkish Airlines» авиакомпаниясы:

Стамбул-Бишкек-Стамбул — күн сайын (жумасына 14 каттам).

ӨЗБЕКСТАН

«Uzbekistan Airways» авиакомпаниясы:

Ташкент-Бишкек-Ташкент — жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, бейшемби, ишемби).

КАЗАКСТАН

«Air Astana» авиакомпаниясы:

Алматы-Бишкек-Алматы — жумасына 7 каттам (күн сайын).

МОНГОЛИЯ

«Hunnu Air» авиакомпаниясы:

Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор — жумасына 2 жолу (ишемби, жекшемби).

Ички каттамдар:

ОШ

Бишкек-Ош-Бишкек. «Avia Trafic Company» авиакомпаниясы — күн сайын (жумасына 14 каттам);

Бишкек-Ош-Бишкек. «Tez Jet Airlines» авиакомпаниясы — күн сайын (жумасына 56 каттам);

Бишкек-Ош-Бишкек. «Aero Nomad Airlines» авиакомпаниясы — күн сайын (жумасына 14 каттам).

ЖАЛАЛ-АБАД

Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек. «Tez Jet Airlines» авиакомпаниясы — жумасына 4 каттам (дүйшөмбү, бейшемби, жума, жекшемби).

РАЗЗАКОВ

Бишкек-Раззаков-Бишкек. «Tez Jet Airlines» авиакомпаниясы — жумасына 2 жолу (бейшемби, ишемби).